Кыргызстанда ала качуу жөнүндө биринчи мобилдик оюн- сериал пайда болду

By in
1219
Кыргызстанда ала качуу жөнүндө биринчи мобилдик оюн- сериал пайда болду

Оюндун башкы каарманы күтүлбөгөн жерден оор кырдаалга туш болот: биринчи курста чогуу окуган курбусун ала качып кетет, анын ата-энеси жана туугандары элдин сын пикиринен коркуп, кызды алып кетишпейт. Бул учурда сиз курбуңузду сактап калуу же кийлигишпөө жөнүндө чечимди кабыл алышыңыз керек, анткени окуянын башкы каарманы – сиз болосуз.

“Жазгы Бишкек” – бул “Чабалекейлер” тиркемесиндеги биринчи оюн сериал, анын авторлору ала качууну алдын алуу боюнча иштеген “Айкын багыт” фонду, активист жана сценарист Мария Середа, UX-специалист Ирина Леу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана программист Влад Касаткин.

Долбоорду түзүүдө командага дүйнө жүзүндөгү ондогон активисттер жана эксперттер жардам беришкен. Долбоор Сорос-Кыргызстан Фонду, Sigrid Rausing Trust жана Европа союзу менен БУУнун биргелешкен «Теңдик нуру» демилгеси тарабынан каржыланды. Июнь айынын башында, оюн NarraScope-2020 АКШда өткөн эл аралык конференцияда сунушталган.

Оюндун өзү анимацияланган комикс, сиз болсо, оюнчу катары эле  окуяларга күбө болбостон, башкы каарман катары репликаларды жана башка аракеттерди тандап, сюжетти өзгөртө аласыз. Башка үй-бүлөнүн иштерине кийлигишүү же  сүйүү менен достуктун ортосундагы оор тандоону жасоо сиздин гана чечимиңизден көз каранды болот. Ошондой эле башыңыздан  өтпөгөн, буга чейин маани бербеген  маселелерди түшүнүүгө аракет жасап, көптөгөн суроолорго жооп издейсиз.

Оюндагы бардык аракеттер досуңуздун атынан өтүп жаткандыгына карабастан, бир бөлүмдө сиз ала качкан кыздын ордуна өзүңүздү коюп, анын абалында болуп, ала качкан адамдын үйүндө калууну же кетүүнү чечесиз.

https://lh5.googleusercontent.com/DsTlYmwaBetLnr56oOB7pfxib96KK2xVXug3eOfc93MsXFoJGoAkwr89wNiLbZNwq-uCk1K-8ZQTfb2nHGVpHKqKuHn5xJYy6AnoCoQyaMbkvYmuPAgH6VGkHW36TVBTpEQUtQx0

 

 

– Укмуштуу окуяларыңызды тандаңыз” жанрындагы ролдук оюндар дүйнөдө популярдуулукка ээ болууда, деди Scafander Games студиясынын  негиздөөчүлөрүнүн бири жана оюндун геймдизайнери Ирина Леу. – Бул сезимдер, эмоциялар, көз караштар жана тандоолор жөнүндө оюндар, мындан сырткары, кыздар үчүн маанилүү, көп учурда тыюу салынган нерселер жөнүндө сүйлөшсөңүз болот. Азырынча тиркемеде бир окуя бар, бирок күзүндө дагы бир “китепти” чыгарууну пландап жатабыз.

Сценарийди жаратууда никеге туруу үчүн ала качууга дуушар болгон кыздардын башынан өткөн чыныгы окуялар чогултулган.

– Сценарий өлкөнүн ар кайсы бурчунда жашаган кыздардын айтып берген ондогон аңгемелерине негизделген, дейт Scafander Games  студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана “Жазгы Бишкек” сценарийинин автору Мария Середа. – Мындан сырткары, сюжеттеги окуяларда  ушундай кырдаалга туш болгондо өзүңүздү кандай алып жүрүү керектигин жазуу үчүн мен адвокаттар, психологдор жана укук коргоочулар менен ар дайым кеңешип турдум. Бирок ошол эле учурда, “Жазгы Бишкек” – бул эң оболу оюн. Биз оюнду чындыгында кызыктуу жана ошол эле маалда коркунучтуу болбосун деп, романтикалык жолугушуулардан баштап сүйлөгөн крокодилдер сыяктуу ар кандай сүйүнүчтүү учурларды коштук.

Окуянын негизги сюжеттик сызыгынан тышкары, оюнда романтика жана көңүл ачуу сезимдери бар: башкы каарман жигиттер менен таанышып, кийимдерин өзгөртүп, кечелерге барып, атактуулар менен маектешип, достору менен урушуп жана элдеше алат. Оюндун бардык окуялары жазгы Бишкектин көчөлөрүндө, ошондой эле анын айланасындагы айылдарда болот, аларды Татьяна Зеленская тарабынан тартылган оюндун сүрөттөрүнөн таба аласыз, ал Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө кыздар менен аялдардын укуктары боюнча мультфильмдер жана долбоорлор менен белгилүү.

 

 

– Мен үчүн эң негизгиси оюнда эч кандай жасалмалуулук болбосо дедим”, – дейт Татьяна Зеленская. – Мен биздин чыныгы Бишкекти, бишкектик тургундарды көрсөткүм келди. Оюндагы иллюстрациялардын стили бир аз “кооз жана суктанарлык” болду, бирок бул нерсе менен адамдардын жасалма болушуна жол бербөөгө аракет кылдым”.

Ошентсе да, оюндун негизги милдети кыздардын укуктары жана ала качууда аларды коргой турган мыйзамдар жөнүндө маалымат берүү. Оюндун башкы каарманы анын курбусун  ким ала качып кеткендигин териштирип жатканда,  журналисттик блокнотунда маанилүү кеңештер пайда болот: Кыздарды ала качуудан кандай мыйзамдар коргойт? Кимдир бирөөнү ала качкан болсо, кайда кайрылуу керек? Милицияга кантип жана кайсы учурда кайрылыш керек? Ала качкан адамдын үйүндө эмне кылуу керек?

Эскертүүлөрдү окуп, билимин текшерүү үчүн тесттерден өткөндүгү үчүн, оюнчу “чабалекей” түрүндө сыйлык алат, аны жашыруун көрүнүштөрдү жана эң кызыктуу сюжеттик сырларды ачууга жумшай алат.

 

 

“Кыргызстандагы мыкты юристтер жана психологдор оюндагы эскертүүлөр үчүн материалдарды түзүүгө жардам беришти”, – деп түшүндүрөт “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова. – Эгер кыздар никеге турууга мажбур болушса, аларга жардам бере турчу жөнөкөй жана маанилүү кеңештер. Бирок бул нерселер гана маанилүү эмес. Биз кыздарга кыялданууга, чечим кабыл алууга жана өзүн көз карандысыз сезүүгө мүмкүнчүлүк берген оюнду иштеп чыгууга аракет кылдык. Оюн кыздарды өз кыялдарына ишенип, ала качуу аркылуу мажбурланган никеге каршы турууга күч берет деп үмүттөнөбүз, анткени алар гана бул көйгөйдү айтуу менен, өзгөрүүгө багытталган процестти баштай алышат.

“Жазгы Бишкек” оюнун орус жана кыргыз тилдеринде ойной аласыз. Интерактивдүү “китепте” 11 бөлүм бар, азыркы учурда биринчи үч бөлүмү даяр. Калган бөлүмдөр жума сайын сериал катары чыгарылат – чыккан күндөрү жөнүндө социалдык тармак аркылуу алсаңыз болот.

Оюнду акысыз түрдө азыр эле Android же  iOS аркылуу жүктөп алсаңыз болот.

Оюнду жүктөө үчүн шилтемелерди сиздин публикацияңызга кошууңузду суранабыз:

Android үчүн жүктөө

iOS платфорасына жүктөө:

 

54321
(0 votes. Average 0 of 5)
Leave a reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *