Ала качуу менен аты чыккан инспектор

By in
1105

Таластын Кара-Буура районундагы Маймак айылынын инспектору үч ирет кыз ала качканы айтылууда.

Кыз ала качуу боюнча азырынча алдына киши чыгарбай келаткан Маймактын аймактык инспекторунун үчүнчү курмандыгы тууралуу маалымат алгач ала качууга каршы күрөшкөн “Айкын багыт” коомдук фондуна 27-ноябрда келип түшкөн. Бул тууралуу аталган фонддун координатору Сайкал Малик кызы “Азаттыкка” буларды билдирди:

– Бизге атын атагысы келбеген бир кыз арыз менен кайрылып, анын 18 жаштагы Кундуз аттуу курбу кызын Маймактын Токтогул аттуу аймактык инспектору ала качып кеткенин айтты. Кундузду күч колдонуп ала качканы аз келгенсип, аны үйүндө эки күн кыйнап кармашкан. Кундуз депрессияга батып, өзүнүн жанын кыюуга да аракет кылган экен.

54321
(0 votes. Average 0 of 5)
Leave a reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *