Бишкектен Ат-Башыга ала качып кетишкен кыз кайра үйүнө жеткирилди.
Энесинин айтымында, кыз психологиялык басымга кабылып, денесине залал келтирилген.
Окуя 17-августтун кечинде болгон. Жабырлануучу Айжан Абдухакимованынапасы Элмира Досуеванын айтымында, кызын чала тааныш төрт бала “Дордой” базарынан ала качкан.
Элмира Досуева базарда иштеп, жыйырма бир жаштагы студент кызы анда-санда келип жардам берип турганын айтты. Ала качкан жигиттер ошол эле базарда күзөтчү болуп иштечү экен.