Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева Швейцариянын Женева шаарындагы Улуттар сарайында өтүп жаткан «Тандоо мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшүү: XXI кылымда калктын жайгашуусу жаатындагы приоритеттер» аттуу аймактык конференцияга катышууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.