Ислам дининде кыз ала качуу кадимки уурулук менен барабар терс көрүнүш, кылмыш караты каралат. Бул тууралуу “Айкын багыт” фондунун сурамжылоосуна катышкан Бишкектеги Ислам университетинин ректору, Абдышүкүр ажы Нарматов билдирди.
“Макулдугу жок нике жараксыз деп эсептелет, минтип турмуш куруу – чоң күнөө”, – дейт ажы.
Ал эми ала качып келген кызды отургузуп алып нике кыйган молдолор тууралуу суроого жооп берип Абдышүкүр ажы адатта молдону келин отуруп калгандан кийин чакырышаарын, эгер келин болуп калгысы келбеген жерге кызын калтырып кетишсе, ал ата-эненин күнөөсү экенин айтты.
http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20120405/828/828.html?id=24538649