Турмушка чыгуу – кыздар өз чечимин терең ойлонуп кабыл ала турган жеке жана маанилүү тандоо. Бирок кээде ушул укукту алардан кимдир бирөөлөр алып коёт жана кыздардын баардык кыялдарын талкалап, алар үчүн тандоону эң эле эрте жасашат. Бирок биз аларга жардам бере алабыз: жакындарынын түшүнүүсү, баардык коомчулуктун кайдыгер эместиги, ар бирибиздин катышуубуз, кам көрүүбүз- ушундай кыздарга жардам бере алат.
Алар өздөрү даяр болгондо, биз аларга тандоо эркиндигин, алардын үмүттөрүн, кыялданып жашоосун жана убакытты кайтарып берүүгө бардыбыз жардам бере алабыз. Булардын баардыгын жүзөгө ашыра алышат.
Баардыгынын өз тандоосу болушу керек.
Sigrid Rausing Trust фондунун колдоосу менен “Айкын линия ” коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан.