Чүй облусунун жаңы конуштарынын биринде жашаган үй-бүлө бир нече күндөн бери дыйыны табылбай келе жаткан кызын кыз ала качуунун кезектеги курмандыгы болду деп шектенүүдө. Жоголгон кыздын ата-энеси аны Майлы-Суу шаарына ала качып кетишип, ошол бойдон барымтада кармап турушу мүмкүн деп айтышууда.
Үй-бүлө милиция кызматкерлерине жана укук коргоочуларга жардам сурап кайрылган, бирок, бир айдан бери кыздан дагы, кызды ала качып кетти деп шектелген тараптардан дагы кабар келе элек.